“MANAS AWARDS - 2019” ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ КИМДЕР?


Салтка айланган “MANAS AWARDS -2019" жыл мыктыларын тандоо кароо-сынагы жыйынтыкталып, мыктыларды сыйлоо аземи өттү.

Ага университеттин жетекчилиги, академиялык, административдик кызматкерлер жана студенттери катышты.

Жеңүүчүлөргө жылдагыдын айырмаланып атайын жасалган статуэтка жана сертификаттар тапшырылды. Ошондой эле жеңүүчүлөр 360 градуста айланып видео тарткан камерага тартылуу мүмкүнчүлүгүн алышты.


Жыл мыктыларын тандоо эки тур менен өткөрүлүп, жалпы 11 наам боюнча талапкерлер ат салышкан. 1-тур ушул жылдын 1-апрелинен 20-апрелге чейинки аралыкта www.students.manas.edu.kg сайтынын инстаграмм баракчасында, ар бир наамдын астына мыктыларды тандоо үчүн пикир калтыруу жүргөн. Анда эң көп аты жазылган талапкерлер кийинки турган өтүшкөн.

Социалдык баракчада жалпысынан 357 студенттин аты жазылып, 7039 добуш берилген (ар бир наам үчүн 300, 500 добуш 20,30 адамга ). Ал эми 2-тур 23-апрелден 11-майга чейин болуп, добуш берүү аталган сайтта жүргүзүлгөн. Ага 16735 адам добуш берип катышкан.

Эки турдун жыйынтыгы боюнча:
1) “Жылдын алып баруучусу”-Мунарбек Базаркулов (413 добуш)

2) “Жылдын ажарлуусу”- Айгерим Алмаз кызы (945)

3) “Жылдын бүтурүүчүсү”- Эржан Байкулов (1302 добуш)

4) “Жылдын иш-чарасы”- “Ийгиликтин сырлары" (292 добуш )

5) “Жылдын келишимдүүсү”- Илим Молдобеков (431 добуш)

6) “Жылдын спортчусу”- Иманбек Тентиев (344 добуш)

7) “Жылдын клубу”- "Манас дебаттык" клубу (979 добуш )

8) “Жылдын коногу”- Юсуф Мерт Эр (331 добуш)

9) “Жылдын группасы” (Даярдоо курстарынын арасында)-305-группа, окутуучусу- Эбру Каракая Нергиз

10) “Жылдын ырчысы”- Урмат Токонбаев (483 добуш )

11) “Жылдын тобу”-“Манастын кыздары” бийчилер тобу ( 366 добуш )


Эскерте кетсек, аталган иш-чара Студенттик иштер башкармалыгы, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы тарабынан студенттердин арасындагы байланышты чыңдоо, алардын ар тараптан өнүгүүсү жана аларга мотивация берүү максатында уюштурулуп келет. ага университеттин жетекчилиги, академиялык, административдик кызматкерлери жана студенттери катышты.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы