ПРОФ., ДОК. ФУАТ СЕЗГИН ЖЫЛЫНА АРНАЛГАН КОНКУРСТУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ


Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган тарабынан 2019-жыл “Проф. докт. Фуат Сезгин жылы” деп жарыялаган . Анын урматына Кыргызстан-Түрк “Манас” университети дагы Ф. Сезгиндин жылына байланыштуу бир катар иш-чара, семинар, конференция жана конкурстарды уюштурган.

Уюштурулган конкурстарда ( Макала, сүрөт, эссе) боюнча жеңишке жеткен студенттерди сыйлоо аземи 24-декабрь күнү ректоранттын Окумуштуулар Кенешинин жыйындар залында болуп өттү. Сыйлоо аземине университеттин ректору, проректорлор, илимий кызматкерлер жана сыйлыкка ээ болгон студенттер катышышты.


Окуу жайыбыздын ректору проф. докт. Себахаттин Балжы: “Илим-билимге, технологияга өзгөчө мээнет кылган адамдарды ашыгы менен эскерүү биздин милдетибиз. Илим өтө маанилүү жана олуттуулукту талап кылат. Эч качан илим менен жүргөн адамдар, бул жолду тайбоосу керек. Биз үчүн өтө кымбат болгон агайыбызды эскерүү бир жыл жетишсиз. Фуат Сезгин агайыбыз өлүм алдында турган учурда дагы иштеп турган. Түркиядан кийин Кыргызстанда анын ичинде биздин университетте эң көп ага байланышкан иш-чара, эскерүүлөр болду. Ошондой эле атайын конкурс дагы жарыялаганбыз. Бул конкурста жеңишке жеткен ар бириңерди куттуктайм. Мындай ары дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишиңерди каалайм”-деди.


Проф., док. Фуат Сезгин жылына арналган конкурстун алкагында жеңишке ээ болгондор:
Ибарат Амангелдиев (Сүрөт)
Надежда Нагорная (Сүрөт)
Нурсултан Абдиалиев (Сүрөт)
Өмер Фарук Караман (Макала)
Ахмет Жан Демир( Макала)
Бекжан Курманбеков ( Эссе)
Гүлсүм Демиржи (Эссе)
Аселя Кушбакова (Эссе)
Жеңишке жеткендерге атайын сертификаттар жана сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле бул иш-чараларды уюштурууда салым кошкон адамдарга ыраазычылык баракчалары тапшырылып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Жазган: Мухаммед Куртоглу

Которгон: Нурзат Казыбекова