КОММУНИКАЦИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН СТУДЕНТИ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯГА ЭЭ БОЛДУ


КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков 27-декабрда 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендия сыйлыгын тапшырды. Президенттик стипендияга университетибиздин Коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Фатима Раатбек кызы ээ болду.


Студенттер арасындагы эң чоң сыйлыкка татыктуу болгон Фатима Раатбек кызы: “Эң алгач мага чалып “Сиз өттүңүз, куттуктайбыз!” дегенде бир чети кубансам, бир чети ишене албай кеттим. Анда жанымда бир тууган иним бар эле ага сүйүнчүлөп, экөөбүз аябай кубандык. Сертификат алганга чейин башка эч кимге айткан жокмун . Анткени стипендияга жеткенимди уксам дагы ишене албай турдум.Уккандан кийин бир күн кечке сүйүнүп, толкунданып башкача болуп жүрдүм. Баарынан дагы резиденцияга барып, президенттин колунан сыйлык алганда өзгөчө сезимдер болду. Бул мен үчүн башталышы гана болсун. Мен жаратчу ийгиликтер дагы алдыда”,- деп кубанычы менен бөлүштү.


Президенттик стипендия өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн жыл сайын тапшырылып келет. Быйыл жарыяланган конкурстун жыйынтыгында 31 ЖОЖдун 74 студенти президенттик стипендияга татыктуу болду. Алар мактоо баракчалары жана 50 миң сом өлчөмүндөгү стипендия менен сыйланышты.


Белгилей кетсек, өткөн жылы президенттик стипендияга дал ушул бөлүмдүн студенти Адинай Курманова жана Экономика факультетинин студенти Атабек Апышев ээ болгон.


Даярдаган: Нурзат Казыбекова