"MİX BOOM" ДЕБАТТЫК ТУРНИРИ ӨТТҮ


Үстүбүздөгү жылдын 26-январында окуу жайыбызда ар жылы өткөрүлүүчү "MİX BOOM" дебаттык турнири болуп өттү. Бул турнир жыл сайын дебаттык клубдар арасында эстафета берүү аркылуу өткөрүлүп келет. Бул жылы "Манас" дебаттык клубу тарабынан уюштурулду.


Турнирдин негизги концепциясы жана өзгөчөлүгү кызыктуу оюн көрсөтүү жана ортодогу достукту чыңдоо болуп саналат. Мындан улам бир команда эки башка дебаттык клубдун мүчөлөрүнөн түзүлгөн. Турнирге БААУ, КМЮА, КРСУ, БГУ, КГУСТА, КУУ, КМТУ, КТМУ университеттеринин студенттери катышышты.


Ар бир командадан финалдык оюнда «Манас» дебаттык клубунун мүчөлөрү Азамат Өскөнбаев, Сыймык Ырыскелдиев, Бакыт Орозбаев оюн көргөзүштү. Ал эми турнирдин жеңүүчүлөрү Михаил Дружинин (БААУ) жана Самат Анарбеков(КТМУ) болду. Мындан сырткары турнирде “Эң мыкты спикер” болуп Самат Анарбеков табылды. 

Даярдаган: Саадат Казакбаева