"ОЙЛОН ШОУ" КЛУБУ 6 ЖАШКА ТОЛДУ


"Ойлон шоу" интеллектуалдык клубу 12-февралда 6 жаш туулган күнүн белгилөө менен биргеликте кезектеги оюнун өткөрдү. Оюн Экономика жана башкаруу факультетинин Касым Тыныстанов жыйындар залында өтүп, жалпысынан 15 команда катышты. Мындан сырткары клубдун мурунку башчылары, мүчөлөрү жана атайын чакырылган коноктор келип, куттуктап, белектерин берип кайтышты. Баш байгени "Виктория" командасы багындырды.


Интеллектуалдык оюн "Сүрөтчүнүн кыл калеми" темасында 3 турдан өткөрүлдү. Алгачкы «Дуель» деп аталган этапта ар бир тайпадан бирден гана студенттер чыгып, суроолорго жооп беришти. Биринчи турда бир канча тең чыгуулар болуп, жыйынтыгында 12 тайпа кийинки "Командалык таймаш" баскычына өтүштү. Оюндун жыйынтыгында 1-орунга «Виктория», 2-орунга «Креатив», 3-орунга «Вау» тайпалары ээ болду.


Ал эми «Мыкты оюнчу» наамын Бостонбек Бабаев "Kahoot" оюнунун негизинде алды.
«Ойлон шоу» клубун бир кезде жетектеп, иштеп кеткендердин бири Тыныстан Темиржан уулу, «Клуб убакыт өткөн сайын прогрессивлүү жаштардын башын бириктирип, оюндары масштабдуу, кызыктуу боло баштаганы мени абдан кубандырды. Ар дайым команда мүчөлөрүнө ынтымак, изденүү каалайм», - деди.
Иш-чаранын соңунда сыйлыктар тапшырылып, майрамдык торт кесилип, фуршет уюштурулду.


Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы