ОКУУ ЖАЙЫБЫЗДЫН 25 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН «АРТ КЕЧЕСИ» ӨТТҮ


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 25 жылдыгына арналган «Арт кечеси» аттуу иш-чара уюштурулду. Аталган иш-чара 6-мартта Көркөм өнөр факультетинде болуп, студенттердин катышуусунда өттү.


Иш-чараны Студенттик кеңештин төрагасы Аскарбек Абдуакимов ачып берди.
«Клубдун мүчөлөрү бүгүнкүдөй ары пайдалуу, ары кызыктуу иш-чараларды өткөрүп келишет. Ал үчүн терең ыраазычылык билдирем, ишиңиздерге ийгилик», - деди Абдуакимов.
Кечеде жандуу музыканын коштоосунда сүрөт, мехенди тартылып, интеллектуалдык оюндар ойнотулду.


Мындан тышкары окуу жайыбыздын 25 жылдыгына карата тайпалар арасында сүрөт конкурсу уюштурулду. 

Белгилей кетсек, бул иш-чара «Манас Арт» клубу тарабынан өткөрүлдү.

Даярдаган :Аксаамай Назарбай кызы