“БИЛИМ ТАЙМАШ” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУНУН 2-ТУРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ


Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында Экономика жана башкаруу факультетинде Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата “Билим таймаш” интеллектуалдык оюну болуп өттү.

Аны Студенттик Кеңештин алдында иш алып барган “Ойлоншоу” интеллектуалдык клубу уюштурду. Интеллектуалдык оюнга Студенттик Кеңештин алдында түзүлгөн клуб жана комитет мүчөлөрү тайпа болуп катышышты.
Оюндун ачылышында Кыргыз Республикасынын гимни ырдалып, Студенттик Кеңештин төрагасы Аскарбек Абдуакимов ачылыш сөзүн сүйлөдү: “Бул интеллектуалдык оюн клубдар арасында өткөрүлүп жаткан оюндун 2-туру болуп эсептелет. Бардык командаларга ийгилик каалайм”,-деди.


Андан соң катышуучулар оюндун шарттары менен таанышып, ар тармакта даярдалган суроолор жооп беришип, билимдерин текшеришти. Аталган оюндун жыйынтыгында 1-орунга “Туризм клубу”, 2-орунга “Кенч” , 3-орунга “Инсандык Өнүгүү” тайпалары ээ болду. Ал эми “Мыкты оюнчу” наамына Ширингүл Акылбекова татыктуу болду. Жеңүүчүлөр атайын грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

 

Даярдаган: Мелис кызы Луиза