БҮГҮНКҮ ӨЗБЕКСТАН


2020-жылдын 8-декабрында университетибиздин Эл аралык студенттер координаторлугу Өзбекстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгына карата университетибизде окуп жаткан Өзбекстандын жарандары болгон студенттерибиз менен 'Бүгүнкү Өзбекстан' программасын уюштурду. Программага университетибиздин ректору, биринчи проректору, проректорлору, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин 1-секретары (консулу) жана биздин студенттер катышкан программа Google Meet аркылуу онлайн режимде өткөрүлдү. Университетибиздин ректору проф., докт. Алпаслан Жейлан: "Биринчиден, баарыңыздарды ден-соолукта көрүү абдан жагымдуу. Өзбекстан Борбор Азиядагы абдан маанилүү өлкө экени талашсыз. Мен Өзбекстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгы менен куттуктайм. Өзбекстандын Конституциясы тынымсыз өнүгүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Бул бизди абдан кубандырат. Кыргыз-Түрк "Манас" университетиндеги өзбекстандык студенттер, биздин университеттин түсү. Бул жерде аларды көргөнүбүзгө абдан кубанычтабыз. Программанын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирем жана ийгилик каалайм",- деди. Андан соң, университетибиздин биринчи проректору проф., докт. Асылбек Кулмырзаев да Өзбекстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгын куттуктап, программанын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди.
Ал эми университетти ийгиликтүү аяктаган жана Өзбекстандык студенттердин биринчи өкүлү Гүлина Юсупова: "Сиздерди онлайн болсо да, көргөнүмө абдан кубанычтамын . Мен сиздерди жана университетти абдан сагындым. Мен Түркиядагы докторлук ишимди улантып жатам. Куттуктоомду кабыл алып коюңуздар. Кыргызстанды жана силерди кыска убакытта,барып, көргүм келет "деди.
Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин 1-секретары (консулу) Нодирхон Амонов программанын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирип, күндүн маанисин жана маанилүүлүгүн чагылдырган сөз сүйлөдү. Программанын алкагында өзбек, кыргыз жана казак ырлары ырдалып, өзбек ырлары окулду. Өзбекстан жана Өзбекстандын Конституциясы жөнүндө жалпы маалымат берилди. Программа 'Өзбекстандын Эл аралык мамилелери' презентациясы менен аяктады. 


 

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу
Которгон:Сайтбурхан кызы Гүлкайыр