MISS & MISTER MANAS 2020


Студенттик иштер башкармалыгынын Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы жана Студенттик кеңеш тарабынан уюштурулган. Miss & Mister Manas 2020 сынагы болуп өттү. Сынак 3 этаптан турду.

 


Биринчи этап катары, эки билдирүү students.manas.edu.kg instagram баракчасында бөлүшүлүп, 2020-жылдын 7-11-декабрь күндөрү аралыгында студенттер ушул посттордун астына белгиленип, талапкерлигин көрсөтүштү. Бул талапкерлердин арасынан эң көп добуш алган 7 адам тандалып, экинчи турга жолдомо алышты.

 


Экинчи турда, эң көп добуш алган 7 талапкердин кыскача видеолору 2020-жылдын 14-18-декабрь күндөрү аралыгында students.manas.edu.kg instagram баракчасына жарыяланды. Бул билдирүүлөргө коюлган жактыруулар жана пикирлер талапкерлерге кошумча упай катары кошулду. Мурунку турда эң көп упай топтогон 3 мырза талапкер жана 3 айым талапкер акыркы турга жолдомо алышты. Добуштар 2020-жылдын 21-24-декабрь күндөрү аралыгында үч мырза жана үч айым болуп жалпы 6 талапкерге берилди. Ал эми 2020-жылдын 28-декабрында болсо мырзалар жана айымдар категориясында " students.manas.edu.kg" youtube жана instagram баракчаларында онлайн жыйынтыктоочу программа көрсөтүлүп жеңүүчүлөр аныкталды.
Жыйынтыгында;
3-орунду: айымдардардан: Асель Нурдин, мырзалардан: Элдияр Асылбеков
2-орунду: айымдардан: Элизат Умарова мырзалардан: Милан Торомурзаев
1-орунду: айымдардан: Бегимай Бейшембаева мырзалардан: Атай Жанузаков жеңип алышты.
Miss & Mister 2020 Манас сынагында жеңип алган студенттерге жетишкендиги жөнүндө сертификат, китеп сатып алуу талондору жана статуэткалар тапшырылды.

 

 

https://www.youtube.com/watch?v=2CqUhdmB1FQ&t=12s


Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу
Которгон: Сайтбурхан кызы Гүлкайыр