“Манас” университети “FOOD EXPO Kyrgyzstan – 2019” жарманкесине катышууда
16-апрель күнү Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында “Food EXPO Kyrgyzstan – 2019” аталышындагы жарманкенин биринчи күнү башталды. Жарманкеге белгилүү өндүрүш ишканалары, компаниялар, мейманканалар, кесиптик жана жогорку окуу жайлар катышууда.
Жарманкенин расмий ачылышынан кийин төмөндөгүдөй иш-чаралар орун алды:
- “Технобренд”компаниясынын “Сувид”технологиясы менен “даамдуу, бат, ыңгайлуу” аталыштагы мастер-класс;
- “Head Hunter” онлайн инструменттин жардамы менен эффективдүү персонал издөө боюнча мастер-класс;
- “Гренки”Кафесинен мастер-класс;
- “Jannat”мейманканасынын шеф-повары Тариэль Бектемировдон мастер-класс;
- № 10 кесиптик окуу жайынын студенттеринен” Курица KFC”мастер-класс;
- “Империя Пицца” борборунан мастер-класс;
- “Кайнар Групп”ресторанынан мастер-класс;
Белгилей кетсек, Кыргыз-Түрк “Манас” университети таанытуу иш-чараларынын алкагында катышууда. Студенттик иштер башкармалыгы, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жетекчилигинде студенттерден түзүлгөн команда таанытуу иш-чарасы жүргүзүүдө.
Жарманке 16-апрелден 18-апрелге чейин уланат.
Даярдаган: Нурзат Казыбекова