“Манас” университети “FOOD EXPO Kyrgyzstan – 2019” жарманкесине катышууда


    16-апрель күнү   Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында “Food EXPO Kyrgyzstan – 2019” аталышындагы  жарманкенин биринчи күнү башталды. Жарманкеге белгилүү өндүрүш ишканалары, компаниялар, мейманканалар, кесиптик жана жогорку окуу жайлар катышууда.

  Жарманкенин расмий ачылышынан кийин төмөндөгүдөй иш-чаралар орун алды:

  • “Технобренд”компаниясынын “Сувид”технологиясы менен “даамдуу, бат, ыңгайлуу” аталыштагы мастер-класс;
  • “Head Hunter” онлайн инструменттин жардамы менен эффективдүү персонал издөө боюнча  мастер-класс;
  • “Гренки”Кафесинен мастер-класс;
  • “Jannat”мейманканасынын шеф-повары Тариэль Бектемировдон мастер-класс;
  • № 10 кесиптик окуу жайынын студенттеринен” Курица KFC”мастер-класс;
  • “Империя Пицца” борборунан мастер-класс;
  • “Кайнар Групп”ресторанынан мастер-класс;

    Белгилей кетсек, Кыргыз-Түрк “Манас” университети таанытуу иш-чараларынын алкагында катышууда. Студенттик иштер башкармалыгы, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын  жетекчилигинде студенттерден түзүлгөн команда таанытуу иш-чарасы жүргүзүүдө.
Жарманке 16-апрелден 18-апрелге чейин уланат.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова