ТУРКМЕНИСТАН ЖУМАЛЫГЫ ПРОГРАММАСЫ


     Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин 25 жылдык мааракесин белгилөө иш-чараларынын алкагында, Студенттик иштер башкармалыгы, Студенттик кеңеш жана Эл аралык студенттер координаторлугу менен биргеликте, 2021-жылдын 26-февралында "Өлкө жумалыгында" Түркмөнстанды таанытуу программасы болду.  Программа Google Meet тиркемеси аркылуу жүргүзүлүп, иш-чарага университеттин ректору, Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин консулунун орун басары, кафедра башчылары жана студенттер катышышты.

     Университетибиздин ректору проф., докт. Алпаслан Жейлан: “Ушундай баалуу программаны даярдаганыңар үчүн баарыңарга ыраазычылык билдирем. Түркмөнстан биз үчүн маанилүү өлкө. Университетибизде түркмөн студенттеринин көп болушун каалайбыз. Университетибизге Түркмөнстандан бир Алабай итин алып келебиз. Ошондой эле Ахал Теке аргымагын алып келүү идеясы да бар", -деди өз сөзүндө.

     Программанын жүрүшүндө Түркмөнстандан келген студенттерибиздин ата-энелери кыска сөз сүйлөп, балдарынын "Манас" университетинде жогорку сапаттагы билим алып жатышкандыгына сыймыктанаарын айтышты. Андан кийин, Россиядагы ири курулуш компаниясында инженер болуп иштеген бүтүрүүчүбүз Сердар Арипов, Ашхабаддагы жеке менчик студиянын ээси Сатлик Овезов жана Ашхабаддагы университетте декан болуп иштеген бүтүрүүчүбүз Керим Жумаев "Манас" университетинен ар улуттун маданияты менен таанышып, көптөгөн досторду таап, тил үйрөнүп, өзүлөрүнө көптөгөн пайда ала алгандарын жана окуу жайды абдан сагынгандыктарын билдиришти.

     Программанын аягында Москвадан катышкан Хеким Овезов түркмөн улуттук аспабы Дутарда, Хыдыр Атанаев гитаранын коштоосунда биргеликте түркмөн тилинде ырдашты. Иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон: Саадат Казакбаева