Экономика жана башкаруу факультетинин студенттери менен маектешүү кечеси


30-ноябрда ректорубуз проф., док. Себахаттин Балжы жана проректорубуз проф., док. Анварбек Мокеев Экономика жана башкаруу факультетинин студенттери менен маектешүү кечесин өткөрдү. Ага Экономика жана башкаруу факультетинин мугалимдер жамааты жана студенттери катышты.

Алгач эле аты аталган факультетти тааныткан жана көчмөндөр оюнунунда тартылган видеолор удаалаш көрсөтүлдү. Андан соң сөз ректорубузга берилди. 

“Студенттер үчүн эң негизгиси кесиптеринин мыкты адиси болуу, маданияттуу болуу жана адамдар менен жакшы маамиле кылууну билүү. Кээ бир адамдар ишинин мыкты адиси болсо дагы, жакшы мамиле кылышты билбегенинен иштеринен айрылып же ийгиликке жетпей калган учурлар да болот. Ошондуктан коммуникация кылууну да билүү керек”-деди. Ошондой эле ректор студенттерге кызыктуу окуяларды айтып берип, тажрыйбасы менен бөлүшүп, кеп-кеңештерин берди.

Андан соң “Manas Life” студенттик порталы тарабынан даярдалган  видео суроо көрсөтүлдү. Анда студенттер ректор агайга  ар түрдү суроолорду беришкен. Ошондой эле келген студенттер да суроолорун берип, ректордон жооп алышты. Суроолордон сырткары студенттер ректорго ыраазычылыгын билдирип, маектешүү кечеси жыйынтыкталды.

 

Жолугушууда берилген суроолордон бир нечеси: 

1. Ара сынак жана финал сынак учурларында китепканалар 24 саат иштесе болобу?

Проф,.док. Себахаттин Балжы:  Албетте болот, бирок атайын китепканаларды иштеткенден кийин студенттер барып окуш керек. Силер үйрөнөбүз десеңер биз жок дейбизби? Албетте колдойбуз. Китепканалар  мындан ары экзамен учурларында 24 саат бою иштейт.

2. Жаңы жатакананын жанына дүкөндөр курулуп  же  ашканалардагы тамактардын түрлөрү көбөйтүлсө жакшы болот эле. Сиз буга кандай карайсыз?

Проф,.док. Себахаттин Балжы:  Жакшы сунуш экен. Биз бул тууралуу дагы ойлонобуз. 

 

3. Ар бир имараттын босогосунда тамеки тартып, абаны булгап жатышат. Ага кандай чаралар көрүлөт? 

Проф,.док. Себахаттин Балжы:  Бул аябай жаман көрүнүш, ден-соолукка зыян экени баарыбызга белгилүү. Ошентсе да тамекини сүйүп тарткандар, ансыз тура албагандар бар.  Имараттардан эң аз 10 кадам алыстыкта чегүү эрежесин киргизүүнү ойлонуп жатабыз.

4. Кышкы каникул  күндөрүн  көбөйтүп, ошондой эле кээ бир майрамдарда, мисалы, Жаңы-жыл майрамында жана башка майрамдарда дем алуу күнү кылсак болбойбу?

Проф,.док. Себахаттин Балжы:  Көптөгөн өнүккөн өлкөлөр эмгектенүүнүн артынан ийгиликке жетишкен. Мисалы, Японияны алалы. Алар бир жылда 20 күн эле эс алышат экен. А биз жайындасы үч ай эс алабыз, мындан сырткары кээ бир майрамдарда да каникул. Ошондой эле кышкы эс алуу күндөрү да бар. Башка университеттерден айрымаланып, биз ишемби күнү да эс алабыз. Менин оюмча эс алуу күндөрү аябай көп. Керек болсо узартуу ордуна кыскартыш керек. Өнүккөн мамлекеттердин катарына кирип, алардан да өткүбүз келсе анда талыкпай эмгектенишибиз керек. Студенттер да талыкпай окуп, келечекте өлкөнүн өнүгүсүүнө өз салымын кошушу керек.

5. Ырдап бериңизчи?

Себахаттин Балжы:  Университетибизде концерттик программалар тез-тез уюштурулуп турат. Ошондой иш-чара же концерттерде ырдап берейин анда.

 

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева.