КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫ


Кыргыз-Түрк  “Манас” университети алгачкы бүтүрүүчүлөрүн 2002-2003-окуу жылында уядан учурган.  Азыркы учурда 14 өлкөдөн  жана 23 боордош түрк тектүү калктардан баардыгы болуп  8382 бүтүрүүчүбүз бар.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Бүтүрүүчүлөр ассоцияциясы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2006-жылдын 21-апрелиндеги ГР0042381 номерлүү жарлыгы менен расмий түрдө ишке киришкен.

Университет өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен ар дайым төмөндөгү тарзда тыгыз байланышта болуп келет:

- Бардык бүтүрүүчүлөр менен телефон жана социалдык тармактар (фейсбук, инстаграм, твиттер ж.б.) аркылуу байланыш түзүлүп, анализдер даярдалып турат.

- Жылына эки жолу Ректораттын катышуусу менен өткөрүлгөн жыйындарда Бүтүрүүчүлөр ассоцияция аткарылган иш-чаралар тууралуу кенен маалымат берип, алдыга койгон максаттары менен бөлүшүп келет.

- Университетибизде өткөрүлүп турган маанилүү иш-чараларга ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүбүз ар дайым чакырылып турат. Андан сырткары бүтүрүүчүлөрүбүз студенттик клубдардын иш-чараларына жигердүү катышып, иш-тажрыйбаларын студенттерибиз менен бөлүшүп келишет. Ал эми университетибиздин факультеттери жана Жогорку кесиптик мектептери бүтүрүүчүлөрүн ар түрдүү жыйындарга чакырып, таанышуу кечелерин уюштурууну салтка айлантышууда.

- Бүтүрүүчүлөр тарабынан түзүлгөн Карьера борбору талаптарга ылайык жаңы бүрүрүүчүлөрдү иш орду менен камсыз кылууда жигердүү иш жүргүзө баштады.

- Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын демилгеси жана окуу жайыбыздын колдоосу менен бүтүрүүчүлөрдүн байланышын бекемдөө жана достугун арттыруу максатында жайкы жана кышкы эс алуу программалары уюштурулуп турат.

-Бүтүрүүчүлөрүбүзгө университетибиз тарабынан атайын күбөлүктөр берилет.

Күбөлүк алган бүтүрүүчүлөрүбүз окуу жайыбыздын бардык кызматтарын пайдалануу

мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Башкаруу тобу

 

     
 

Серхат Атмажа

Төрага

 

Кыял Турдакунова

Төраганын о.б.

 

 

 

 
 

Керим Сарыгүл

Мүчө

Режеп Юрүмез

Баш катчы

 

 

Жунус Ганиев

Бухгалтер

Фатих Серче

Мүчө


 

 

Текшерүү тобу

Кемал Гөз

Мүчө

Сейил Нажимудинова

Төрага

Дөөлөтбек Эшкенов

Мүчө

Байланыш:

Бишкек, Кыргызстан, Тынчтык проспектиси, 56

Башкы имарат, 110-бөлмө

Tел.: +996 312 54-19-42 (110)