“Манас үнү” аталышындагы эстрадалык кароо-сынак уюштурулду


9-февралда К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында “Манас үнү” аттуу даярдоо курсунун студенттери арасында эстрадалык кароо сынак уюштурулду. 

Консерватория факультетинин 2-курсунун студенти  Бексултан Алимбековдун  демилгеси жана Студенттик Кеңештин колдоосу менен уюштурулган кароо сынак кечесине Кыргыз эстрада ырчысы Бурул Арунова, музыка бөлүмүнүн мугалими Айша Саралаева, Студенттик Кеңештин төрагасы Залкар Аманов жана анын орун басары Атилла Гувен катышып, калыстар тобунун милдетин аткарышты. Кароо-сынакта 80 студенттин арасынан тандалып алынган  11 студент ат салышты.

Салтанаттуу кече эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүктө катышуучулар Кыргыз тилиндеги гана чыгармаларды аткарган болсо, ал эми экинчи бөлүгүндө каалаган тилиндеги ырларын ырдашты. 

Кызуу өткөн жагымдуу  кароо cынактан соң жеңүүчүлөр аныкталып, 1-орунду Урмат Токомбаев, 2-орунду Диана Салиева, ал эми 3-орунду Монголиядан келген студент Цогерель Баттулга алды.  Алар калыстар тобу тарабынан атайын даярдалган сыйлыктар, мактоо баракчалар жана белектер менен сыйланышты. Ошондой эле  калган катышуучуларга да ыраазычылык билдирилип, белектер ыйгарылды.

Кошумчалай кетсек,  даярдоо курсунун студенттери арасында ушул сымал кароо-сынактар жыл сайын уюштурулуп келет. Бексултан Алимбековдун айтымына караганда мындан ары кароо-сынактын жеңүүчүлөрү кийинки жылдын кароо-сынагын уюштурушат.

Мындан тышкары кечеде “Manas LIFE” студенттик порталы тарабынан даярдалган видео тасма көрсөтүлдү. Анда Бишкек шаарынын тургуну,эки баланын атасы,учурда эки көзү тең көрбөй калган 26 жаштагы Талип уулу Жайлообектин операциясына жардам берүү өтүнүлгөн. Кароо-сынакты уюштуруудан максат даярдоо курсунундагы студенттердин арасынан мыкты үн ээсин аныктоо менен  бирге, Талип уулу Жайлообекке жардам берүү болуп саналат деген Бексултан Алимбеков көрүүчүлөрдү кайрымдуулук кылууга чакырды. 

Белгилей кетсек Жайлообектин операциясына 2500 сом чогулду.

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева