Manas_BLOGS: Түбөлүк студент


Мен окуган университеттин эмнеси мага жагат? Бул жакта сенин социалдык статусуң, акчаңдын көптүгү, унааңдын маркасы, чачыңдын узун-кыскалыгы же кулагыңдын чоңдугу эч кимди кызыктырбайт! Бул окуу жайда бир гана билимиң, жөндөмдүүлүгүң, аракетчилдигиң менен гана жашап кете аласың. Андыктан, чоңдун баласыбы, мугалимдин баласыбы же мага окшогон дыйкандын баласыбы айтор, баарынын өз жөндөмүнө, алына жараша окууга мүмкүнчүлүгү бар. Урааныбыз - келечек колубузда! Шайкеш келет бекен? 

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин катардагы студентимин. Жо-ок... Катардагы студентмин десем туура болбой калат го... Мен Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин өзгөчө студенттеринин катарына кирем. 2012-жылы ушул окуу жайдын босогосун аттадым. Социология бөлүмүнө өтүп, таң атканча кубанып чыкканым эсимде. Ал бөлүмдө бир жыл окуп, 2013-жылы Туризм факультетине которулдум. Туризмде 1 жыл окуган соң өзүм эңсеп жургөн түркология бөлүмүнө которулууга жогорку жактан(ата-энемден) официалдуу уруксат алып, 2014-жылы ал бөлүмдүн студентине айландым. Окуу жылы башталып, окууга жаңы гана киришип баштаганда үй-бүлөлүк маселелерден улам мекенден алыс кетүүгө туура келди. Айла жок, бир жылга академиялык тыныгуу алдым да, кийинки жылдын күзүнө чейин башка өлкөдө жүрдүм. 2015- жылдын сентябрь айында жаңы дем, жаңы куч менен кайтып келип, кайрадан түркологиянын 1-курсуна отурдум. Эми кайрадан санап чыгалы: 2012, 2013, 2014, 2015 - 4жыл! Төрт жыл бою биринчи курстан жылбаган студентти көрүп, уккандар барбы?! Көрбөгөн, укпаган болсоңор кол чабуулар менен тосуп алгыла, алдыңарда мен - Бекболот Сарыбаев! Мени менен тең тапшырган "элдин балдары" быйыл окууну бүтүп жатышат. А мен болсом жаңы гана биринчи курстан кутулдум. 

Башында өзгөчө студенттердин катарына кирем десем тан калдыңыз болуш керек. Менин өзгөчөлүгүм мына ушунда. Бул өзгөчөлүгүм менен сыймыктана албайм деңизчи. Бирок, билесиздерби дагы да болсо бул университетте окуй бергим келет. Бул жердеги адамдардын жаркылдаган жакшы мамилелери жан дүйнөңө жылуулук берип турат. Төрт жылбы, беш жылбы канча жыл окусам да эч өкүнбөйм. Себеби, бул жылдар арасы мен өзүмдү издедим. 

©Бекболот Сарыбаев