Manas_BLOGS: Билим кенчи “Манас”


Билимдердин жана билимдүүлөрдүн уясы болгон “Манас”  университети  тууралуу айтып берүү мен үчүн түгөнгүс сыймык.

      Балалыгымдан келечегим тууралуу көп ойлончумун. Кээде алдыда боло турчу сыноолорду ойлогонумда чоңойбостон бала бойдон жашап жүрө бергим келчү. Ооо анда жыргал эле го. Телегейиң тегиз, көңүл ток, кайгы жок. Көчөнү чаңытып, “чыйт” түкүрүп коюп жүрө бересиң. Ошентип, мезгил деген дарыя өз агымында алга карай агызып жөнөдү. Убакыт өткөн сайын келечегим бүдөмүк болуп, көрүнбөй туруп албадыбы. Азыр ойлосом ошондогу маселенин баардыгы  келечегимде эмес көздөрүмдө экен. А көрсө, жаңы эле төрөлүп, көзү ачылып-ачылбай жаткан күчүк сымал узакты көрө алган эмес экенмин. Ошондогу жүрөктү титиретип, шайымы оодарган жалгыз суроо бар эле. “Келечекте ким болосуң?” Ушул үч сөздү тааныгандарымдын дээрлик баарынан угуп чыктым бейм. Айрыкча 10-11-класстарда өчтөрү бардай ар бир жолуккан адамдын оозунан ушул үч сөз “шап” эттирип ыргып чыга калат. Ээх бала жаным ай. Же аларга дурустап жооп бере алсамчы. Бирине милиционер, бирине врач, дагы бирине артист, айлам түгөнгөндө арабакеч болом деп тамашалап кутулар элем. Эч болбой калганда “чоң киши болом” деп мыйыгымдан жылмайып койчумун. Ошол кытмыр жылмаюунун ичинде “сага эмне?” деген сөз катылып жатканын эч ким деле аңдай берчү эмес. 

  Саат жебесине кошулуп, күндөр өттү, ай айланды, жыл тегеренди. Мына мен корккон, ошого карабай чыдамсыз күткөн убак. Мектептеги акыркы мезгил. Мектеп окуучуларын уядагы балапанга сыпаттаганы бекер эмес экен. Бир уянын ичин бир аалам катары көрүп, андан башка жерде жашоо жоктой элестеткен балапан бир күн келип уясы жайгашкан дарактын башына чыгып алып учу-кыйырсыз ээн талааларга, көк мэлжиген тоолорго, акыр-аягы жок адырларга көз чаптырып жатып кандай сезимге туш болсо, экинчи үйүм болгон  мектепти таштап кетип жатып мен да ошондой абалда калдым. Ошондо өзүм турган дарактын айланасы гана жарык болуп калган жерлер караңгы сыяктуу болуп турду. Мына ошол караңгылык каптаган туңгуюкту жарытыш үчүн чырак, шам же от эмес  Күн сыяктуу жаркыган, керек болсо андан да жарыгыраак болгон билим керек экендигин көңүлүм туюп, билип  турду. Ошондой билимди кайсыл жерден аларымды  алдын ала чечип койгондуктан ар кандай кеп-кеңештерге, чакырыктарга кулак салбай, көзүм сокур, кулагым дүлөй сымал эч жаакты карабай түз эле Бишкекке, борборго жөнөдүм. Жогоруда “чоңойгондо чоң киши болом” деп айткандай чоң кишиликке, башкача айтканда адамдыкка болгон сапарым ушинтип башталды. Борборго келип, шаардын ызы-чуусунан баш айланып, бир аз убакытка өзүмө келе албай дал болуп  тура бериптирмин. Келүүдөгү максатымы эстер замат бир короо койдун арасында энесин издеген козу сыяктанып 127.3 чарчы чакырым аймактын ичинде эки жыл бою эңсеп, самап жүргөн окуу жайымды издеп жөнөдүм.  Кудай жалгап, көздөгөн даректи табуу Намба таксинин жардамы менен бир топ оңойлоду. Табышмактатпай айтайын ал окуу жай албетте Кыргыз-Түрк “Манас” университети болчу.  Окуу жайдын босогосун аттар замат дене боюм дүркүрөп өзгөчө сезимдер пайда болду. Балким күлөрсүз, бул абал көпкө созулган жок. Себеби денени дүркүрөтүп жаткан нерсе чөнтөгүмдөгү уюлдук телефонум болуп чыкты.  Үнсүз титирөө абалында чалуу келип жаткан экен. 

  Бир жолу бир чыгармадан 80-жылдарда Бишкекке келип, өзү каалаган техникумга өткөн студент жөнүндө окуп калгам. Ал ошондо окуу жайынын босогосун аттап жатып бир топ таасирдүү сөздөрдү өзүнө айтканы эсимде. Ал чыгармадан соң мен да максатыма жетсем, Манас университетинин оозунда өзүмө бул сөздөрдү айтсам деп кыялданып, айтчуу сөздөрүмдү алдын-ала даярдап алгам. Бирок, бул жолу айткан жокмун. Азырынча эрте дедим да, жолуму уладым. Албетте Манаска дароо эле өтө алган жокмун, бирок, бул маанилүү эмес. Маанилүүсү өттүм. Ошондо гана манастын астанасында туруп:

-   Мына Тыныстан, эки жылдан бери көксөп келе жаткан каалооңо жеттиң. Куттуктайм. Сен буга татыктуусуң,- деп өзүмө шык берип жаттым. Бул сөздөрдү мага менден башка эч ким айтмак эмес. Себеби тааныш-билишти арттыра элек болчумун. Адамдыкка болгон сапарым эми Манас университетинин даңгыр жолунда уланып жатты.

  Манаска өтүшү өттүм. Эми анын студенттери кандай экен деген кызыгуу, бир чети кооптонуу бар эле. Тез эле дос-чар көбөйө баштады, тааныштардын саны артты дегендей. Манастыктар бир топ эле кичипейил жана жөнөкөй болуп чыкты. Мен бараткан жолдон бир топ тилектештерди, жакын досторду, санаалаштарды таптым. Алардын баары мээнеткеч, ак көңүл, кең пейилдүү. Алардан мен мурда маани бербеген, бирок кийин жашоомдун бир бөлүгүнө айланган үч нерсени үйрөндүм.

Биринчиси -  кичи пейилдик. Ырас, текеберчилик деген сапат менде да жетишээрлик деңгээлде бар болчу.  Манастын жаштарынан, мугалимдеринен өзгөчө жылуулук сезе алдым. Ал жылуулук кичипейилдиктен пайда болгон мамиледен жаралат экен.

Экинчиси - бөлүшүү.  Адашпасам түркчөдө мунун тетирисин  эго деп деп коёт. А бизде өүмчүлдүк. Байкасам ушул кезге чейин булсапат менде үстөмдүк кылып келген экен. Манас  андан арылуума өбөлгө түздү. Толук арылдым деп айта албайм. Кубаныч менен, билимиң менен, ксерокөчүрмөлөр менен (сынактарда), тамак-аш менен (айрыкча жатаканада) айтор ушул сыяктуу бир топ нерселерди жакындарым менен  бөлүшүүнү үйрөндүм.

Үчүнчүсү – кечирим суроо. Мени кичинекейимден тааныгандарга белгилүү болсо керек. Моюнга алыш керек. Кимди капа кылсам да, ким менен урушсам да, кимди таарынтсам да эч киминен, ишенсеңиз эч киминен кечирим сурай алчу эмесмин. Бул сөздү өтө аз колдончумун. Манастыктарга рахмат! Мени тарбиялашты, үйрөтүштү, үйрөтүп жатышат. Бул университеттин студенттери бүткүл жердеги адамдадан айырмаланып турушат.  Алар жердегилерге окшобойт, бирок жерликтер. Нуржигит Кадырбеков агайыбыздын “Япония керемтинин сыры” аттуу китебин окубаган окурман жок чыгар. Эгер ал китепти окусаңыз, андагы автордун япондорду мактап, алардын жакшы сапаттарын жазганын көп эле учуратасыз. Ошол китептен таасирленип “неге биз да япондордой боло албайбыз” деп кам жегендер араңыздарда бар чыгар. Анда баарыңыздарга кабар берип кетейин. Япондордорго окшогондор (албетте кулк-мүнөзү жөнүндө сөз болуп жатат) керек болсо алардан ашып түшчүлөр Манаста толтура! Бул нерсе чындык жана алар япондор эмес кыргыздар, түрктөр, казактар, тажиктер ж.б түрк тилдүү элдердин өкүлдөрү! Бир жолу капчыгымды жоготуп алыптырмын. Анын жоголгонун билерим менен шашкалактап калдым. Ошондо досум “кыжалат болбо бул жер деген Манас да” деп мени жайгарып койду. Анын сөзүндө жөн бар экендигине козүм жетип үндөбөй отуруп калдым. Кыскасы бир аз убакыттан кийин мен капчыгымды эмес, капчыгым мени таап келди. Манас деген ушундай))).  Бул бир мисал гана. А мындай учурлар Манаста күн сайын кайталанчу көнүмүш иш. Аязбек Атамкулов агабыз айткандай “Манасты Манас кылган анын студенттери”. Ушундай жаштар  менен катарлаш жүргөнүмө жетине албай кетем. 

  Ошентип адамдыкка болгон сапарым ушундай окуу жайдын жолунда уланып жатат. Анын түз жолунда жүгүрүп, таштак жерлеринде таскактап коё жүрөм. Силерди ишендирип айтайын, ошол мен баскан жолдо ушул күнгө чейин таштак жерлер өтө эле аз учурады. Сөзүмдүн аягында дагы бир жолу баса белгилегим келип турат.

 Манас университети билимдин жана билимдүүлөрдүн уясы.

© Тыныстан Темиржан уулу