Ректор менен маектешүү кечелери уланууда


16-март күнү университетибиздин  ректору проф., док. Себахаттин Балжы, проректор проф., док. Анварбек Мокеев кесиптик жогорку мектебинин студенттери менен   маектешүү кечесин өткөрдү.

  

Жолугушуу кече окуу жайдын таанытым видеосу жана көчмөндөр оюнунда тартылган кыска фильмди көрсөтүү менен башталды. Маектешүүдө ректор алгач факультеттердин жетишкендиктери менен көйгөйлөрүнө токтолду. Ал өз сөзүндө кесиптик жогорку мектебинин эң керектүү адистерди  даярдоочу булак экенин баса белгиледи. Мындан тышкары “Ийгиликке жетүү үчүн талыкпаган эмгек жана чыдамкайлык керек. Көйгөй жараткан эмес, маселе чечкен адам болсоңор кандай жагдайда болбосун бийиктиктерди багынтуу мүмкүнчүлүгүңөр жогору болот”,- деп билдирди. Ал эми проректор проф., док. Анварбек Мокеев студенттерге берилген мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланууга кеңеш берип, окууларына ийгилик каалады. 

Жолугушуунун соңунда маектешүүгө келген студенттердин жана “Manаs Life” студенттик порталы тарабынан даярдалган видеосуроолорго жооп беришти.

Эскерте кетсек, буга чейин ректор менен айыл чарба жана ветеринардык факультеттеринин  студенттеринин  маектешүү кечеси өткөрүлгөн.

Жолугушууда студенттер тарабынан төмөнкүдөй суроолор берилди.

1. Кесиптик жогорку мектепти аяктагандан кийин факультеттерде окууну улантуу боюнча квоталарды көбөйтүүгө мүмкүнбү? 

Проф., док Себахаттин Балжы: Буга чейин бүтүрүүчүлөрдүн 10% ы гана факультеттерде окууну улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, өткөн жылдан тартып дагы 10% га көбөйтүлгөн. Кыргызстанда кесиптик жогорку мектептин бүтүрүүчүлөрүнө талап жогору. Бүтүрүүчүлөрдүн 80 % ы жакшы жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

2. Мектепке чейинки даярдоо бөлүмүн жогорку бал алган  10 студенттин катарына кирип социология бөлүмүнө тапшыруу мүмкүнчүлүгүм барбы?

  Проф., док Себахаттин Балжы: Биз студенттердин  мүмкүнчүлүгүнө жараша бөлүмдөрдү ачып жатабыз. Мектепке чейинки даярдоо бөлүмүндө алган билимиңер Социология бөлүмүндөгү сабактар менен дал келбейт. Ошондуктан кесиптик жогорку мектеп менен факультеттердин сабактары дал келген бөлүмдөрдү тандашыңар керек. Мисалы, маркетинг бөлүмүнөн менеджмент, экономика, финансы жана кредит бөлүмүнө тапшыра аласыңар. 

3. Англис тил сабагын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү барбы?

Проф., док Себахаттин Балжы: Университет каалаган программаларын коё албайт. Билим берүү министрлиги тарабынан кандай программаларды окутуу талабы көрсөтүлсө, ошол боюнча түзүлөт.  Чет тилдерди үйрөнүү 70 % студенттерге тиешелүү. 

4. Университеттин ректору катары окуу жайды 10 жылдан кийин кандай элестетесиз?

Проф., док Себахаттин Балжы: Окуу жайыбыз билим жаатында Орто Азиянын чолпон жылдызы болушу керек.Университетибиз акыркы беш жылда мыкты көрсөткүчтөргө жетишти. Мындан ары дагы ийгиликтерди жарата беребиз. 

 

Даярдаган: Адинай Курманова