Рудакинин поэзия кечеси өткөрүлдү


13-апрелде Эл аралык студенттер координаторлугу жана Гуманитардык Факультет тарабынан улуу Тажик акыны жана окумуштуусу Абу Абдуллах Джафар Рудакинин поэзия кечеси өткөрүлдү.


Поэзия кечесин университетибиздин ректору Проф., док. Себахаттин Балжы ачты. Ал эми Кыргызстандагы Тажик Диаспорасынын “Паёми Ала Тоо” газетасынын башкы редактору Кодир Муроватов Абу Абдуллах Джафар Рудаки жөнүндө маалымат берди. Рудакинин өмүр-чыгармачылыгын чагылдырган видео тасма көрсөтүлдү.

Андан соң университетибиздин Таджикстандык студенттери тарабынан даярдалган программасы көрүүчүлөрдүн назарына коюлду. Программада акындын ырлары кыргыз, түрк, тажик, орус, өзбек жана англис тилдеринде көркөм окулуп ыр, бийлер аткарылды.


Эскерте кетсек буга чейин А. Осмоновдун поэзия кечеси өткөрүлгөн.

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева