Университетибизде чемпион Манабу Мураками конокто


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Ыйман” фондунун кезектеги семинары болуп өттү. Семинардын коногу болуп каратэ боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону, 51 жаштагы Жапониялык спортчу Манабу Мураками чакырылды.

Англис тилинде өткөн семинар теология факультетинин жаңы имаратында болуп,ага “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, Студенттик Кеңештин төрагасы Залкар Акылбек уулу, студенттер жана сырттан келген коноктор катышты. Каратэ менен 9 жашынан бери машыккан Манабу Мураками алгач өзү, үй-бүлөөсү жана ийгилигинин сырлары тууралуу кенен айтып берди. Маалыматка ылайык, ал 1 жылда 8 ай саякат кылып, семинарларга катышып, жаш спортчулардан сынак алып, жаңы ыкмаларды үйрөтүп келет.

Бул аралык ичинде ал 32 мамлекетке барып келүүгө жетишет. Кыргызстанга келүүдөн мурда, ал Түштүк Африкага жана Казакстанга барып келген. Ошондой эле ал: “Каратэ жөн гана физикалык спорт эмес,ал адамдын инсандык сапаттары,ички дүйнөөсү менен байланыштуу. Мыкты каратист болуу үчүн алгач өзүңдү , андан соң атааңдашынды жеңишиң керек” деп кеп-кеңештерин берди. Кошумчалай кетсек, ал Каратэ боюнча дүйнөнүн легендарлуу,эң мыкты спортчусу Хирокадзу Канадзавдан сабак алган. Семинардын соңунда көрүүчүлөр кызыктырган суроолорун берип, коноктон жооп алышты. Белгилей кетсек, “Ыйман” фонду жана “Сетокан” каратэ федерациясы каратэ боюнча чемпионат өткөрүүдө. Манабу Мураками спортчулардан сынак алуу жана Жапон элинин тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн атайын Кыргызстанга чакырылган. Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева.

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева