Ыктыярчыларды тандап алуу боюнча жолугушуу уюштурулду


5-март күнү III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын даярдоо жана өткөрүү катчылыгынын мүчөлөрү Союзбек Надырбеков жана Таалайбек Бердиев ыктыярчыларды тандап алуу боюнча жолугушуу уюштурду.

    Жолугушуунун алкагында III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары тууралуу жана ыктыярчы болуунун жол-жоболору жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын жана ыктыярчылардын ишмердүүлүгүн камтыган видео-тасмалар көрсөтүлдү. Жыйындын соңунда студенттердин суроолоруна жооп беришти.

    “Ыктыячылар жок көчмөндөр оюндарынын өтүшүн элестетүү кыйын. Алар биздин негизги күчүбүз. Күчтүү жана таланттуу эл экенибизди, чоң масштабдагы иш-чараларды эң мыкты деңгээлде өткөрө аларыбызды көрсөтүүгө убакыт келди”,- деп билдирди Союзбек Надырбеков.

    Мындан тышкары блоггер Мээрим Осмонова жана интернет-жылдызы Толгонай Арзыкеева катышып, студенттерди ыктыярчы болууга чакырды.

    Белгилей кетсек, III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына ыктыярчыларды тандоого каттоо 12-февралдан 15-мартка чейин уланат. Алгач www.worldnamadgames.com сайты аркылуу онлайн  катоодон өтүп, резюме жөнөтүү керек. Биринчи турдан өткөндөр 18-марттан 28-мартка чейин маектешүүгө чакырылып, жыйынтыгы чыгарылат.

Даярдаган: Адинай Курманова