Чанаккале жеңишинин жана Мамлекеттик гимндин кабыл алынган күнү


    19-март күнү  Студенттик кеңешке караштуу "Кел түркчө сүйлөшөлү" долбоорунун театр группасы тарабынан Чанаккале жеңишинин 103-жылдыгына жана Улуттук Гимндин кабыл алынганынын 97-жылдыгына  арналган эскерүү кечеси өткөрүлдү. Кечеге университеттин жетекчилиги, академиялык, административдик кызматкерлер жана студенттер катышты.

    Иш-чара Чанаккале согушунун курман болгондоруна арналып 1 мүнөттүк эскерүү жана эки өлкөнүн улуттук гимндеринин ойнотулушу менен ачылды.

     “Тарыхтагы бул согуш заманбап Түркия мамлекетинин курулуусуна чоң өбөлгө түзгөн. Бекеринен Мустафа Кемал Ататүрк Чанаккале жеңиши мамлекетибиздин түзүлүшү деп айткан эмес»,-деди окуу жайдын ректору проф., док. Себахаттин Балжы.

    Эскерүүдө көркөм өнөр факультетинин 4-курсунун студенти Аладдин Жахалов жана коммуникация факультетинин 1-курсунун студенти Серхат Акбаштын режиссёрлугунда  “Çanakkale Geçilemedi” аталышындагы  сахналаштырылган сценка көрсөтүлдү. Сценкада Чанаккале согушунун учурундагы түрктөрдүн оор тагдыры, аялдардын, балдардын кыйынчылык турмушу, кайгы-муңу көрсөтүлгөн. Анда жалпы 35 студент роль аткарышып, эки айга жакын даярдык көрүшкөн. Ал эми сценарийин гуманитардык факультетинин магистранты Ахмет Жан Демир жазган.

    Мындан тышкары  “Музыка” клубу тарабынан көркөм ырлар окулуп, музыкалык чыгармалар аткарылды.

Даярдаган: Адинай Курманова