Кыз-жигит сармерден оюну өттү


     16-апрель күнү Касым Тыныстанов жыйындар залында окуу жайыбыздын мырзалары менен Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин кыздарынын ортосунда кыз-жигит сармерден оюну өткөрүлдү. Сармерденге аталган окуу жайдын тарбиялык иштер боюнча проректору Турганбаева Элмира, окуу жайыбыздын Студенттик иштер башкармалыгы, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын  мүдүрү Кыял Турдакунова жана студенттер катышты.

    Кыз-жигит ортосундагы оюнда калыстык милдетти Бишкек шаардык мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборунун башчысы Элвира Ниязбекова, ушул эле мекеменин башкы адиси Айнура Сооронбаева жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ага окутуучусу Артур Ажыбаев аткарышты.

   Ачылыш сөзүндө Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин проректору Элмира Тургунбаева “Кыргыз эли нарктуу, барктуу, салты бар улуу ыйык эл болгон. Кыз-жигит сармерден оюну ошол ата-бабалардан калган мурастарды улап кетүүнүн жана достукту, ынтымакты бекемдөөнүн бирден бир жолу”, - деп билдирди.

    Кыз-жигит оюнунун жүрүшүндө обондуу ырлар ырдалып, улуттук бий бийленип жана жаңылмач, табышмактар айтылды.

    Калыстардын чечими менен оюндун жыйынтыгы эки жактын тең чыгуусу менен аяктады.

    Эскерте кетсек, буга чейин кыз-жигит сармерден оюну окуу жайыбыздын кыздар, балдарынын ортосунда өткөрүлгөн.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова