"Карьера күнү - 2018" иш-чарасына 60тан ашык компания катышты


Үстүбүздөгү жылдын 11- майында Карьера күнү өткөрүлдү. Иш-чарага окуу жайдын ректору, биринчи проректору, 60 дан ашык компания, мекемелер, студенттер жана бүтүрүүчүлөр катышты.


Иш-чарада компаниялар коммуникация факультетинин биринчи жана экинчи кабатында студенттер менен бүтүрүүчүлөргө тааныштыруу иш-чарасын жүргүзүп, жумуштарга ваканcияларын сунушташты. Ачылыш сөзүндө ректор проф., док. Себахаттин Балжы “Студенттерибизди эл үчүн мыкты кызмат кылуусу үчүн, бардык күчүбүз менен жогорку билимди берүүгө аракет кылабыз. Учурда студенттерибиз дүйнөнүн беш кантинентинде, 33 өлкөсүндө иштеп жүрүшөт. Биз дайыма бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз”,- деп билдирди.

Ал эми биринчи проректор проф., док. Асылбек Кулмырзаев “Студенттерибизге билим берүүдө компаниялардын сунуштарын, ой-пикирин эске алабыз”,- деп баса белгиледи.


Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Калыевна “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрү башкалардан билим деңгээли, тарбиясы, аракетчилдиги менен айырмаланып турат. Биз силердин бүтүрүүчүлөрүңөрдү сыймыктануу менен жумушка кабыл алабыз”,- деп билдирди.
Мындан тышкары “Азаттык” медиасынын өкүлү, коммуникация факультетинин 2006-жылкы бүтүрүүчүсү Жаныбек Шерболотов университеттке китептерди белекке тапшырды.


Жыйынтыктоочу бөлүгүндө Студенттик иштер башкармалыгы, студенттер менен бүтүрүүчүлөр филиалынын мүдүрү Кыял Турдакунова компания, мекемеден келген катышуучуларга ыраазычылык баракчаларын тапшырды.


Белгилей кетсек, карьера күнү окуу жайыбыздын студенттери менен бүтүрүүчүлөрүнө жумуш орундарын таап берүү жана Бишкек шаарындагы ири компания, мекемелер менен жакындан тааныштыруу максатында экинчи ирет уюштурулду.