Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 73 жылдыгы эскерилди


    Үстүбүздөгү жылдын 7-майында Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 73 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өткөрүлдү. Иш-чарага университеттин жетекчилиги, академиялык, административдик кызматкерлери жана студенттери катышты.

    Эскерүү кече Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү менен башталды. Ачылыш сөзүндө университеттин ректору, проф., док. Себахаттин Балжы “Улуу жеңиш ар бир шаардан, айылдан, көчөдөн, ар бир үйдөн жана үй-бүлөдөн жаралган тынчтыктын жана туруктуулуктун баалуулугун эскертип турат. Аталарыбыздын каарман эрдигин эч качан унутууга акыбыз жок»,-деп билдирди. Ал эми биринчи проректор проф., док. Асылбек Кулмырзаев “Өлкөбүздүн келечеги үчүн жеңиш күнүн ардактап, Кыргызстанда тынчтыкты жана бейкуттукту көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз. Жаштар өткөндү унутпай, ата-бабалардын эрдиктерин эскерип, алар салган чыйырды ишенимдүү улантышы керек»,-деп баса белгиледи.

   Иш-чарада көркөм өнөр факультетинин театр бөлүмү тарабынан даярдалган “Келген жок”  аттуу театралдык сценка тартууланды. Ошондой эле “Кыргызстан Улуу Ата-Мекендик согушта” аттуу даректүү тасма жана Эл аралык студенттер координаторлугу тарабынан даярдалган “Эч ким эч качан унутулбайт!” аттуу кыска видеоролик көрсөтүлдү.

Даярдаган: Адинай Курманова