“Manas AWARDS-2018” жыл мыктылары кимдер аталды?


“Manas AWARDS-2018” жыл мыктыларын тандоо кароо-сынагынын экинчи туру жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлоо аземине университеттин жетекчилиги, академиялык, административдик кызматкерлери жана студенттери катышты. Иш-чара Студенттик иштер башкармалыгы, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы тарабынан уюштурулду. Сыйлоо аземи “Modern Dance” бийчилер тобу менен ачылып, концерттик шоу менен уланды.

Сыйлыктарды факультеттин декандары, баш катчы, проректорлор, биринчи проректор жана университеттин ректору тапшырды. “Жыл мыктыларын тандоо иш-чарасы эң биринчиден адилеттүү өттү деп ишенем. Бул берилген добуштардын санынан жана добуш берүүнүн ыкмасынан көрүнүп турат.

Салтка айланган иш-чара жыл сайын мыкты деңгээлде өтүп жатат. Мындай тандоолор аркылуу студенттерибиздин арасында жакшы жагынан атаандаштык курчуп, студенттерге дем-күч жана шыктануу берет деген ишеничтемин”, -деп билдирди университеттин ректору проф., док. Себахаттин Балжы. “Manas AWARDS-2018” жыл мыктыларын тандоо кароо-сынагынын жыйынтыгында төмөнкү студенттер жеңүүчү аталды:

1) “Жылдын демөөрчүсү” - “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду

2) “Жылдын диджейи” –Жоомарт Шайдуллаев

3) “Жылдын алыпбаруучусу”-Адинай Курманова

4) “Жылдын ажарлуусу”-Карина Боронова

5) “Жылдын бүтурүүчүсү”-Эркин Рыскулбеков

6) “Жылдын иш-чарасы”- “Orator TİME”

7) “Жылдын келишимдүүсү”-Айбек Темирбеков

8) “Жылдын спортчусу”-Иманбек Тентиев

9) “Жылдын клубу”-“Инсандык өнүгүү” клубу

10) “Жылдын коногу”-Мухаммед Куртоглу

11) “Жылдын группасы” (Даярдоо курстарынын арасында)-312-группа, окутуучусу-Левент Дойуран 12) “Жылдын ырчысы”-Диана Салиева

13) “Жылдын тобу”-“Манастын кыздары” бийчилер тобу Жеңүүчүлөр дипломдор жана белектер менен сыйланды.

Белгилей кетсек, “Manas AWARDS-2018” жыл мыктыларын тандоо кароо-сынагы эки тур менен өткөрүлүп, жалпы 39 талапкер 13 номинация боюнча ат салышкан. 1-турда фейсбук социалдык тармагындагы www.students.manas.edu.kg сайтынын баракчасында ар бир номинациянын астына комментарий калтыруу аркылуу тандалып, комментарийде эң көп аты жазылган талапкер кийинки турган өткөн. 2-турда добуш берүү аталган сайтта жүргүзүлүп, 4611 адам добуш берүүгө катышкан.

Даярдаган: Адинай Курманова