Билимкананын окуучулары “Манас” университетин тандайт


Үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда “Билимкана” билим берүү комплексинин 9-11-классынын окуучулары “Манас” университетине саякат жасап, таанышып кайтышты.

Таанытуу иш-чарасына жалпы 70 окуучу катышты. Окуучулар алгач жыйындар залында университеттин таанытуу фильмине, студенттик медиа порталдарынын видео тасмаларына күбө болушту.

Студенттик иштер башкармалыгы, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жетекчиси Кыял Турдакунова окуу жай тууралуу кеңири маалымат берип, сынак тапшыруунун эрежелери жана жаңы киргизилген өзгөртүүлөр менен тааныштырды. Окуучулар окуу жай тууралуу ой-пикирлерин билдиришип, кызыккан суроолоруна жооп алышты. Көпчүлүгү университетке сынак тапшыруу, жатаканадагы шарттар, тил үйрөнүү жаатындагы суроолорго кызыгышты.

Экскурсиянын соңу кампус тур менен уланып, коммуникация, экономика жана башкаруу факультеттерине, спорт жогорку мектебине жана жатаканага саякат жасашты. Таанытуу иш-чаралары окуучулардын келечектеги кесибин тандоого көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган.

Белгилей кетсек, таанытуу иш-чаралары Студенттик иштер башкармалыгы, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жетекчилигинде студенттерибизден түзүлгөн таанытуу командасы тарабынан өткөрүлүп келет.

Даярдаган: Адинай Курманова