“Manas Cup 2018”


“Manas Cup–2018” футболдук турниринин тандап алуу оюндары 13-октябрда жаңы спорт аянтчасында болуп өттү. Бул жолку таймашта 8 команда ат салышып, 4 команда финалга чыкты. Турнир Студенттик иштер башкармалыгынын Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы, Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы, Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби тарабынан, бүтүрүүчүлөр жана университеттин башка мекемелер менен кызматташуусун бекемдөө жана спорт аркылуу сергек жашоого үндөө максатында уюштурулган.


Таймашка университеттин ректору, проректорлору жана студенттер менен күйөрмандар катышышты. Ачылыш сөзүндө университетибиздин ректору проф., док. Себахаттин Балжы биздин университеттин бүтүрүүчүлөрү ар дайым сыймыктанууга татыктуу экендигин билдирип, мындан аркы иштерине ийгилик каалоо менен бирге”Ар дайым биринчилерден болгула”, - деди.


Ошондой эле каалоо тилектерге университетибиздин проректору проф., док. Анварбек Мокеев кошулуп командаларга ийгилик каалап уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирди. Ар бир командада “Манастын” бирден бүтүрүүчүсү оюн көрсөтүп, Кyrgyz Concept, Жеке иш берүүчүлөр ассоциациясы, ЭлТР, Мегаком, Hayat Regency, Ambassador жана КТМУ менен АКБ Кыргызстан командалары таймашышты.

Кызыктуу жана курч маанайда өткөн оюндун негизинде Мегаком, КТМУ, ЭлТР жана Жеке иш берүүчүлөр ассоциациясы финалга жолдомо алышты.
Эскерте кетсек, салтка айланган“Manas Cup” футболдук турниринин финалга аттанган командалары 20-октябрь күнү саат 10:00до чемпиондук үчүн күч сынашышмакчы. Ал эми мындан кийин аталган турнир жыл сайын сентябрь айынын экинчи жумасынын аягында өткөзүлмөкчү.

Даярдаган Аксаамай Назарбай кызы