«Ассорти-Cup 2018» дебаттык турнири уюштурулду


3-ноябрь  күнү университетибизде “Манас Дебаттык клубу” тарабынан уюштурулган "Ассорти-CUP 2018"  аттуу дебаттык турнири өткөрүлдү. Турнирге университетибизден  20  команда, соттор, уюштуруучулар жана башка студенттер катышышты.

Тандоо турунда  5 оюн болуп, финалга 4  команда тандалды. Финалдык таймаштын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып,2-орунду «Мастер Угвей жана Тигрица» командасы , 3-орунду «Бурулжан» командасы алышты.Ал эми турнирдин жеңүүчүлөрү деп  «Миф порошок» командасы аталды. “Мыкты сот” наамына Гулиза Абдибек кызы татыса, кайрадан кубоктун жеңүүчүлөрү Алтынай Нурланова жана Улан Кубатбек уулу «Мыкты спикер» наамын багындырышты.

Жеңүүчү аталган Улан  Кубатбек уулу:»Оюн аябай татаал болду башында  коркуу сезимдери болуп, толкундандым. Бирок Алтынай эженин колдоосу менен бизден күчтүү командаларды жеңип чыктык. Жеңиш үчүн алгач  өзүңө ишенүү керек экендигин  байкадым.Мен дебаттан  өзүмдүн эмнеге жөндөмдүү экенимди  билдим.Аябай уялчаак бала болчумун азыр   оюмду тартынбай,так айтканды үйрөндүм «,-дейт ал өз сөзүндө.

Турнир жаңы муун менен мурунку дебатчыларды жакындан тааныштыруу жана кругазорду өстүрүү максатында жыл сайын уюштурулуп жатканын  быйылкы жылдын кординатору Чолпонбек Сабырбеков  билдирген.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы