Маектешүү кечеси


1-ноябрь күнү университетибиздин ректору проф., док. Себахаттин Балжы жана биринчи проректору проф., док. Асылбек Кулмырзев Чет тилдер жогорку мектебинин Кыргызстандык студенттери менен маектешүү кечесин өткөрүштү.

Маектешүү К.Тыныстанов жыйындар залында жана анын жанындагы аудиторияларда болуп өттү. Маектешүү кечеси алгач эки өлкөнүн гимни менен ачылып, андан соң окуу жайдын таанытым тасмасын көрсөтүү менен улантылды.

Ректор өз сөзүндө студенттерди университетибизге өтүшү менен куттуктап окууларына ийгилик каалады. “Университет берген ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдалангыла, убактыңарды текке кетирбегиле. Дүйнөдө эмне болуп жатканынан дайым маалымат алып тургула. Бир жолу “Манастык” болгонуңар- өмүр бою “Манастык” болгонуңар, дайым бул атты бийик көтөрүп жүргүлө. Манастыктарга ийгилик жарашат”,- деди.

Ал эми биринчи проректор проф., док. Асылбек Кулмырзаев өз сөзүндө: “ Маданияттуу болуунун бир көрсөткүчү адабий китептерди көп окуу, чет тилдерди үйрөнүү, театрга, киного, спортко кызыгуу. Турмуш-бул үзгүлтүксүз жарышуу. Ар тараптан өзүңөрдү өнүктүргүлө. Университетте колдонүүңуздардагы бардык нерселерге тыкан мамиле жасап кийинки муундарга бузбастан жакшы өткөзүп бергиле”,-деди.

Бардык студенттерге ийгилик каалоо менен бирге Чет тилдер жогорку мектебинин жетекчилигине жана мугалимдерине жасап жаткан эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди. Жыйын сүрөткө түшүү менен аяктады.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы