Студенттик Курултай өткөрүлдү


16-ноябрь күнү бардык факультеттин жана бөлүмдөрдүн  өкүлдөрү менен биргелешип иштөө максатында Студенттик кеңеш тарабынан уюштурулган  Курултай болуп өттү. Курултайга Студентик иштер башкармалыгы Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу бөлүмү, Студенттик кеңеш башкармалыгы, ар бир факультеттин жана бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышышты. Курултай  К.Тыныстанов жыйындар залында өткөрүлдү.

Иш-чара «Манастын кыздары» бийчилер тобунун номери менен ачылып,андан соң «Маржан» тобунун мүчөсү Турматова Бүэфиза талантын тартуулады. Ачылыш сөзүндө Студенттик иштер башкармалыгынын Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу бөлүмүнүн мүдүрү Кыял Турдакунова университетибизде студенттер тарабынан иш-чараларды чагылдырып жаткан www.students.manas.edu.kg интернет баракчасы жана ушул эле аталыштагы социалдык тармактардагы жетишкендиктер тууралуу айтты. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2017-2020- жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү” программасын ишке ашыруу үчүн белгиленген темалар тууралуу кенен маалымат берди.

Студенттик кеңештин төрагасы Нурсултан Абдимиталип уулу: “ Жети өлчөп, бир кес деген сөз бекеринен айтылган эмес. Ошондуктан бул курултайды атайын сиздер менен бирге кеңешүү чогуу иш алып баруу максатында уюштуруп жатабыз. Эгерде  бир көйгөй же болбосо сунуштар болсо айтсаңыздар болот”,- деди.

Студенттик кеңештин төрагасынын орун басары Месуд Жан Бинзет да сөз сүйлөп, студенттерди ынтымакка чакырды. Бөлүм факультет жана бөлүм өкүлдөрү да келечектеги пландары тууралуу айтып беришти. Жыйын Студенттик кеңештин төрагасынын сөзү менен аяктады.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы