Кыргыз Республикасынын ЖОЖ студенттери арасында Кытай тили боюнча Спич-Конкурс өткөрүлдү


Үстүбүздөгү жылдын 17-чи ноябрында Улуттук Университеттин(КНУ) Конфуций Институту тарабынан даярдалган Кыргыз Республикасынын ЖОЖ студенттери арасында кытай тили боюнча 6-жолку Спич-Конкурс өткөрүлдү. Конкурс эки турга бөлүнүп,алгач катышуучулар өздөрү даярдап келген текстин 2-3мүнөт аралыгында сүйлөп беришти,2-турдун шарты боюнча жюрилер тарабынан даярдалган сүрөткө карап окуя айтып берүү болду. Конкурска өлкөбүздүн 7 областынан келген студенттер катышып,алардын саны жалпы 22 ни түздү. Ал эми жюрилер Өлкөбүздөгү 4 Конфуций Институттарынан келген мугалимдер болду.2 саатка созулган айыгышкан таймашта катышуучулар Кытай маданиятына болгон кызыгууларын юмордук чеберчилик менен да жеткирип жатышты. Кызуу таймаштын аягында, Кыргыз-Түрк Манас Университетинин Кытай тили жана Адабияты бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Муратбек кызы Айтурган жеңүүчү деп аталды.

"Дүйнө жүзүндө гүлдөп өсүп турган өлкөлөр көп,Кытай-ошол өлкөлөрдүн алдыңкысы,дүйнө жүзүндө жагымдуу тилдер көп,Кытай тили-алардын ичинен эң кызыктуусу",ушул сөздөр менен мелдештин жеңүүчүсү Муратбек кызы Айтурган өзүнүн Кытайдагы жашоосун айтып баштады.Анын айтымында,эң алгач Кытайга барган кезде маданияттын жана тилдин ар түрдүүлүгүнөн улам көптөгөн түйшүкө кабылган,бирок мугалимдер жана,кытай досторунун колдоосу анын бөлөк бир чоң үйбүлөгө аралашып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Ошондой эле,бакалаврды аяктаган соң ал дагы Кытайга барып,кытай тилин тереңдетип окугусу келгенин айтат. Ал жакта алган билимин,кийинки муундарга да үйрөтүү менен өз өлкөсүн дагы да өркүндөтүүгө өз салымын кошкусун келет.

Конкурстун аягында Кыргыз Улуттук Университетинин (КНУ) Кытай тараптагы өкүлү Ан Ды Юан (安德源) мелдештин жеңүүчүсү Муратбек кызы Айтурганга белекти өзү тапшырып,өз сөзүндө мындай деп билдирди. "Конкурс студенттердин кытай тилиндеги билими,жана Кытай маданиятына болгон кызыгуулары күндөн-күнгө тереңдеп баратканын көрсөттү".

Энергияга толгон атмосферада, сүрөткө түшүү менен конкурс  аякталды.