Ар тармакта ийгиликтүү иш алып баргандарды сыйлоо аземи


Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында көркөм өнөр факультетинин маданият борборунда «Мугалимдер күнүнө» арналган концерттик программа жана III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына ыктыярчы болуп өз салымын кошкон студенттерди сыйлоо аземи болуп өттү.

Мугалимдер күнүнө арналган концерттик программадан кийин III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова дүйнөлүк масштабдагы иш-чараларды өткөрүүдө ыктыярчылардын ролу абдан зор экендигин айтып: “Кыргызстандагы бардык жогорку окуу жайлардан ыктыярчы болууга жаштар келип жаткан чакта, КТМУнун да студенттери четте калышкан жок. Алар аракетчилдиги, жигердүүлүгү, жоопкерчиликтүүлүгү,эмгекчилдиги менен көчмөндөр дүйнөсүнүн биримдигин даназалаган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын жогорку денгээлде өткөрүп алууда өздөрүнүн бараандуу салымын кошо алышты”,-деп билдирди.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарында 2-8-сентябрь аралыгында өткөн III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына Кыргыз-Түрк  “Манас” университетинен ыктыярчы катарында 67 студент катышкан.

Даярдаган:Акымбаев Алтынбек