“BIOLIFE” клубунан семинар


25-декабрь күнү Студенттик кеңеш башкармалыгынын “BIOLIFE” клубу тарабынан К.Тыныстанов жыйындар залында семинар уюштурулду. Семинардын спикерлери ОБСЕ академиясынын магистранты Абдырахман Сулайманов жана жеке ишкер Алтынбек Абжапаров болду.


Алгач Абдырахман Сулайманов “Эске тутуунун ыкмалары” же болбосо,“Мнемоника” аталышындагы тема менен чыгып, студенттерге бул туурасында кенен түшүнүк берди. Ал методика боюнча эске тутууну визуализация(Visualization), айтылышына карай байланыштыруу(Sound Association), акронимдер(Acronym), кайталоо(Repetition), интеллект-карта(Mind map) сыяктуу атайын мнемониканын техникалары аркылуу өнүктүрүү мүмкүн экендиги айтылды. Бул тармакты мыкты өздөштүргөн Абдырахман Сулайманов: “Ар бир адамдын эске тутуу мүмкүнчүлүгү бирдей, ал эми аны өрчүтүү, жаңы маалыматты эске сактап калуу үчүн мыкты стратегияларды колдоно билүү-өз колубузда”,-деген пикирин айтып өттү.


Андан соң жеке ишкер,актер,бийчи Алтынбек Абжапаров “Прорыв неизбежен” деген темада сөз сүйлөп,турмуштук тажрыйбалары тууралуу айтып берди.Ал ар бир адам чөйрөсүн туура түзүү аркылуу,түнт болбостон, дайыма жаңы нерселерге ачык болуу менен алдыга озуп, ийгиликке жете ала тургандыгын айтып: “Ар бир адамда чоң потенциал бар, аны көрө билип,ичибизде жаткан потенциалды ойготуп, колдонуу зарыл”,-деп кошумчалай кетти.


Семинар “BIOLIFE” клубунун спикерлерге ыраазычылык каттарын тапшыруусу менен жыйынтыкталды.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек