Студенттер үчүн Германияда жайкы практика өтүүнүн жол-жобосу айтылды


4-март күнү окуу жайыбыздын Касым Тыныстанов жыйындар залында, Эл аралык мамилелер клубу жана Студенттик кеңеш  башкармалыгы тарабынан «Германияда студенттер үчүн жайкы практика» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинардын спикери «Reise KG» компаниясынын жетекчиси Курсант Гүлжигитов болду.

“Эгерде дүйнө жүзүн кыдырууну, Европа мамлекеттерин көрүүнү кааласаңар, Германияда жайкы жумуш жасоо силердин кыялыңардын орундалышына жол ачылат”,-деди Гулжигитов. Семинардын журүшүндө студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берип, активдүү катышкан студенттерге ала келген белектерин берди.

Ошондой эле иш-чаранын соңунда Студенттик кеңештин төрагасы Нурсултан Абдимиталип уулу Курсант Гүлжигитовго жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, сертификат тапшырды.

Эскерте кетсек, Эл аралык мамилелер клубу Студенттик Кенеш башкармалыгы алдындагы  «Дипломатиялык жолугушуулар»,  «Кино клуб» жана башка ушул өндүү иш-чараларды уюштуруп жаткан клуб болуп саналат.

Даярдаган: Тимур Бапиев

Которгон: Аксаамай Назарбай кызы