“Карьера күнү-2019” Теология факультетинде


Үстүбүздөгү жылдын 13-март күнү Теология факультетинде окуган студенттер үчүн  карьера күнү болуп өттү. Ага университетибиздин ректору проф.,док. Себахаттин Балжы, проректору проф.,док. Анварбек Мокеев, Теология факультетинин деканы.проф.,док. Мустафа Көйлү, теология жаатында иш алып барган мекемелердин өкүлдөрү жана студенттер катышты.

Окуу жайыбыздын ректору проф.,док. Себахаттин Балжы “Технология, инженерия, илим баары керек,бирок дин өзгөчө мааниге ээ. Анткени дин коомго билими, жашоосу, жумушу менен үлгү боло ала турган адамдарды тарбиялап берет”,- деди. Ошондой эле үмүт деген дары менен эмес, ишеним менен болоорун айтты.Ал эми КРнын Президенттине караштуу дин иштери комиссиясынын өкүлү Самир Турсунбеков өз сөзүндө, ислам дини өлкө үчүн өтө маанилуу болгонун жана окуу жайлар менен биргелешип иш алып барууга дайым даяр экендиктерин белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин мындай иш-чара 27-февралда Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинде өткөрүлгөн.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова