Чанаккале женишине эскерүү кечеси уюштурулду


18-март күнү Касым Тыныстанов жыйындар залында гимндин кабыл алынышы,Чанаккале деңиз жеңиши жана маркумдарды эскерүү аземи болуп өттү. Ага окуу жайыбыздын ректору проф.,док. Себахаттин Балжы, Биринчи проректору проф.,док. Асылбек Кулмырзаев,  Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат, атайын чакырылган меймандар, окутуучулук жамаат жана студенттер катышты.

Азем алгач Чанаккале согушунда курман болгон аскерлерди 1 мүнөттүк эскерүү менен башталып, андан соң эки өлкөнүн гимни жаңырды.

Иш-чарада ачылыш сөзун сүйлөгөн ректор “Жыл сайын окуу жайыбыз Чанаккале согушуна өзгөчө маани берип, эскерип келет. Азыркы жашап жаткан жашообуз, кандай кыйынчылыктар менен келгенин унутпашыбыз керек жана ар дайым таазим кылууга милдеттүүбүз”,-деди.

Ошондой эле университетибиздин биринчи проректору проф.,док. Асылбек Кулмырзаев өз сөзүндө “Дүйнөнүн картасында түрк элдеринин желеги желбиреп турган болсо, мурунку ата-бабаларыбыз татыктуу калтырып кеткен дегендин белгиси. Андыктан мындан ары өлкөбүзду сактоо жана кийинки муунга өткөрүү биздин колубузда”,-деген оюн билдирди.

Мындан сырткары эскерүү кечесинде окуу жайыбыздын Көркөм өнөр факультети тарабынан чакан концерттик программа Студенттик кеңешке караштуу Театр клубу тарабынан даярдалган “Чанаккале дастаны” аттуу согуш тууралуу спектакль менен коштолду.

Белгилей кетсек, Чанаккале согушу 1915-1916-жылдары болгон жана ага быйыл 104 жыл толду. Бул жылы программа Туризм жана мейманкана жогорку мектеби, Көркөм өнөр факультети жана Студенттик иштер башкармалыгы Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы тарабынан уюштурулду.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова