“Карьера күнү-2019” Коммуникация факультетинде өткөрүлдү


 4-апрель күнү окуу жайыбыздын Коммуникация факультетинин студенттери үчүн  “Карьера күнү-2019” иш-чарасы уюштурулду. Иш-чарага окуу жайыбыздын ректору проф.,док. Себахаттин Балжы, проректорлору проф.,док.Анварбек Мокеев, проф.,док. Хүсейин Өгүт, Коммуникация факультетинин деканы проф.,док.Хамза Чакыр, жалпы ага окутуучулук жамаат жана студенттер катышты. Ал эми чакырылган коноктор “Азаттык” радиосу,”НТС”, “ЭлТР”, “Ош Пирим”, “СТВ” телеканалдары, “Beeline” компаниясы, “Profi”рекламалык агентствосу, “Айтыш Фильм” студиясы болду.

Иш-чарасынын расмий бөлүгү алгач, окуу жайыбыздын кинозалында университеттин жана Коммуникация факультетинин таанытуу фильмдери менен башталды.

Университеттин ректору проф.,док. Себахаттин Балжы, “ Коммуникация факультетинин студенттери бугүнкү күндө эң көп талап кылынган, актуалдуу болгон  кесиптин ээси болуп саналат. Ошондуктан биз коомго пайдалуу, сапаттуу кадрларды даярдоо үчүн аракет кылып келебиз. Бүгүнкү иш-чара студенттерибиздин жумуш таап, иштеп кетүүсү үчүн түзүлгөн жакшы мүмкүнчүлүк”,-деди.

Ал эми “Азаттык” радиосунун продюсери Жанарбек Жолдошбаев өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: “ Мен дагы бул окуу жайдын бүтүрүүчүсү болом, бир убакта силердей студент элем. Аябай жакшы шарттар  түзүлгөн, пайдаланып калуу силердин колуңарда”,- деди. Азыркы учурда “Азаттык” радиосунда 30 жакын ушул университеттин бүтүрүүчүлөрү эмгектенет”.

Ошондой эле Казахстан  мамлекетинде өткөрүлгөн эл аралык кыска метраждуу кино жарышында байгелүү орундарга ээ болгон Жибек Абдуллаева жана Самара Арстановага  сыйлыктары берилди. Аны атайын Казахстандын “Туран” университетинин атынан келген, кино бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Анел Купелдиева тапшырды.

Аны менен бирге “СТВ”телеканалы менен активдүү кызматташып жүргөн, Радио жана Телевидение бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери Гулжамал Өзүбекова, Мунара Чолпонкулова,Тыныстан Темиржан уулу жана Майрамбек Анарбек уулуна дипломдор тапшырылды.

 

Иш-чарага келген телеканал, компаниялар өздөрүнүн ишмердүүлүгү, иш тажрыйбалары жана талаптары менен тааныштырышты.

Мындан сырткары иш-чара чакан концерттик программа жана кофе-брейк менен коштолду.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова