"Manas CUP-2019"


28-сентябрда "Manas Cup–2019” футболдук турниринин тандап алуу оюндары жаңы спорт аянтчасында болуп өттү. Бул жолку таймашта жаңы командалар менен бирге жалпы 11 команда ат салышты.

Тайпалар 3 группага бөлүнүшүп, бири бири менен күч сынашты. Курч оюндун негизинде эң мыкты оюн көргөзгөн 4 команда финалга суурулуп чыкты. Турнир Студенттик иштер башкармалыгынын Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы, Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы жана Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби тарабынан бүтүрүүчүлөр жана университеттин башка мекемелер менен жакындан таанышуу, ынтымакты бекемдөө жана спорт аркылуу сергек жашоого үндөө максатында уюштурулган.

Таймашка университеттин ректору, проректорлору, агайлар жана студенттер менен күйөрмандар катышышты. Ачылыш сөзүндө университетибиздин ректору проф., док. Себахаттин Балжы катышуучу командаларга бул турнирдин максатын айтып "Ар дайым байланышта бололу”, - деди. Ошондой эле университетибиздин проректору проф., док. Анварбек Мокеев командаларга ийгилик каалап уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирди.

Ар бир командада азынан “Манастын” бирден бүтүрүүчүсү оюн көрсөтүп, Мегаком, Hayat Regency, Ambassador, Agro Union, КТМУ, АКБ Кыргызстан, Partner, Coca-Cola, Фрунзе, Газпром Кыргызстан жана Demirbank, командалары таймашышты.

Тандоо турунан Hayat Regency, КТМУ, Газпром Кыргызстан менен АКБ Кыргызстан финалга жолдомо алышты. Салтка айланган“Manas Cup” футболдук турниринин финалга аттанган командалары 29-сентябрь күнү саат 10:00до чемпиондук үчүн күч сынашышмакчы. Ал эми аталган турнир жыл сайын быйылкыдай эле сентябрь айынын үчүнчү жумасынын аягында өткөзүлмөкчү.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы