“Manas Cup 2019” дебаттык турнири жаңы форматта өттү


 

Үстүбүздөгү жылдын 14-15-декабрь күндөрү окуу жайыбызда “Manas Cup 2019” дебаттык турнири болуп өттү. Бул жолку турнирдин башка оюндардан айырмасы “Kyrgyz Debat Show”аттуу жаңы ыкманын киргизилгени болду.

 

Мында турнирдин адилеттүү, так өтүүсү үчүн оюнчулардын үндөрү колонкалар аркылуу берилип турду. Оюн учурунда соттор жана оюнчулар эки башка бөлмөдө орун алып, колонкалар аркылуу берилген үндөрдүн негизинде соттоо иши жүргүзүлдү. Буга кошумча ар бир оюнчуга өзүнчө баа дагы берилди.

Турнирде оюн“Kyrgyz Debat Show” жана (ПДФ)Президенттик дебаттык форматтарында өткөрүлдү.

Жалпы байге фонду 50 миң сомду түзгөн бул турнир, кыргыз дебатклубунун оюнчусу Ариет Эгембердиев тарабынан уюштурулган.

Жалпысынан ар кыл жогорку окуу жайларынан келген командалардын саны 32ге жетип, тандоо турунан 8 тайпа жарым финалга жолдомо алды. Ал эми финалдык оюнда 4 команда оюн көрсөттү.

2 күндүк оюндун жыйынтыгында “Чародейка жана Олаф” командасынын оюнчулары Гулиза Эрмекова жана Адина Капарбекова жеңүүчү аталып, Redmi Not 8 үлгүсүндөгү телефон, кубок жана сертификаттарга ээ болушту. 

Ал эми 2-орун “ Инь-Янь”, 3-орун “ Кечки туман”, 4-орун “ Жашоочунун жарыгы” аттуу командалар ээлешти. Бул тайпаларга дагы ар кандай көлөмдөгү белектер тапшырылды. 

Мындан сырткары оюнда эң мыкты спикер болуп Акылбек Өмүрбеков табылды. 

Белгилей кетсек, жогоруда жеңишке жеткен командалардын баары окуу жайыбыздын студенттери болуп эсептелет.

Ошондой эле жаңы кирген “Kyrgyz Debat Show” форматында атайын алдыңкы дебатёрлор арасында оюн өтүп, аны Элтуран Өмүрзаков жеңип алды. Бул форматтын шарты боюнча жеңүүчү мындан аркы үч турнирде баш байгени албаса, анын кубогу автоматтык түрдө башка оюнчуларга өтөт.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы