ЫКТЫЯРЧЫ СТУДЕНТТЕР УНИВЕРСИТЕТТИ ТААНЫТУУГА ДАЯР


Салтка айланган университетибизди өлкөнүн алыскы аймактарына таанытуу ишине ыктыярдуу болгон студенттер менен жолугушуу болду.

Ал 13-январь күнү Экономика жана башкаруу факультетинин Касым Тыныстанов жыйындар залында өттү. Жыйынга Студенттик иштер башкармалыгы студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын өкүлдөрү, Студенттик кеңештин төрагасы жана орун басары, аймактарда таанытуу иштерин жүргүзө турган ыктыярдуу студенттер жана аймакка жоопкерчилик алган студенттер катышышты.


Таанытуу иштери жыл сайын декабрь айында башталат. Биринчи баскычта аймактардагы бара турган мектептер жана ыктыярчы студенттер тандалып алынып, керектүү материалдар даярдалат. 2-этапта болсо кышкы каникулда айылына барган студенттер өзүнүн айылындагы мектептерге барып, окуу жайыбызды таанытуу иштерин жүргүзөт. Бул жылы жалпысынан 237 студент өз көңүлү менен жоопкерчилик алып, 381 мектепке таанытуу иштерин өтө тургандыгы пландалды.


Студенттик иштер башкармалыгы студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын мүдүр орун басары Сүйөркул Бейшенбеков, ыктыярчыларга алардын алдыда жасай турган иштери маанилүү жана олуттуу болгондугун эске салып, ийгилик каалады.
Өткөн жылдын 27-декабрында ушундай эле жыйын уюштурулуп, анда ушул проекттин таанытуу иши жүргүзүлгөн.


Жолугушуунун аягында таанытуу иштерине керектүү материалдар ыктыярчыларга тапшырылды. Анын артынан аймактарга бара турган топтор чогулуп, өз араларында милдеттерди бөлүштүрүштү.

 

Даярдаган: Мухаммед КУРТОГЛУ
Которгон: Нурзат КАЗЫБЕКОВА