КЫРГЫЗ-ТҮРК «АНАДОЛУ» КЕСИПТИК КЫЗДАР ЛИЦЕЙИ «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНДЕ


Үстүбүздөгү жылдын 27-январында Кыргыз-Түрк «Анадолу» кесиптик кыздар лицейинин окуучулары университетибиз менен таанышып кайтышты. Алгач келген конокторго Экономика жана башкаруу факультетинин Касым Тыныстанов жыйындар залында окуу жайдын таанытуу тасмасы көрсөтүлдү.
Андан соң окуучулар коммуникация факультетинин теле, радио студияларына жана жабык спорт сарайына саякат жасашты.


Кыргыз-Түрк “Анадолу” кесиптик кыздар лицейинин мүдүрү Йелиз Кайа: « Ар бириңердин ушундай мүмкүнчүлүгү көп, сапаттуу билим берген кыргызстандын алдыңкы университетинде студент болушуңарды каалайм. Силерди келечекте сапаттуу билим берген ушуга окшогон университеттен көргүм келет»,- деп окуучуларына кайрылуу жасады. Аны менен бирге окуучуларга мүмкүнчүлүк түзүп берген ректорго, уюштуруучуларга ыраазычылыгын айтып өттү.


Ал эми ректор жардамчысы проф.,док. Анварбек Мокеев: “Түрк лицейинин окуучулары катары биздин университет жөнүндө буга чейин да угуп келгенсиңер, жакшы тааныйсыңар деген ойдомун. Ошондой болсо дагы силердин келечегиңер үчүн таанытуу иштерин уюштуруу, туура маалымат жеткирүү биздин милдетибиз болуп саналат»,-деди.


Окуу жайыбыздын ректору, проф.,док. Себахаттин Балжы келген окуучулар менен жолугуп, чогулуш уюштурду. Анда ректор билимге умтулган жаштарды университетте көргөнүнө кубанычта экенин билдирип, төмөнкүлөргө токтолду: « Университеттин тарыхы кыска болсо дагы чоң ийгиликтерге жетишти. Кыргызстандагы алдыңкы университеттерден болуп саналат. Түзүлгөн шарттары, берген билимдеринин негизинде азыр биздин бүтүрүүчүлөр 5 материкте 43 мамлекетте иштеп жатышат же болбосо өзүлөрүнүн ишин ачышып, башкаларды жумуш орду менен камсыз кылып келе жатышат. Силердин дагы татыктуу билим алышыңарга тилектештигимди билдирем, окууларыңарга ийгилик. Ошондой эле бул лицей менен университеттин ортосундагы кызматташтык улана берет»,-деп билдирди.


Жыйындан кийин окуучулар инженерия, ветеринария факультеттеринин лабораторияларына, Нобель сыйлыгынын лауреаты, профессор Азиз Санжар атындагы китепканага жана студенттер үйү менен таанышып чыгышты.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза