ТАЗАЛЫК КЫЗМАТКЕРИ: "ЫСЫК ЧАЙ БЕРИП, КОЛУМДАН ШЫПЫРГЫНЫ АЛБАСА ДА ЖӨН ГАНА АЛАРДЫН ЖЫЛУУ СӨЗҮ БИЗДИ КУБАНТАТ"


КТМУнун студенттери 15-февраль күнү таң заардан тазалык кызматкерлерине жылуулук тартуулашты. "Жылуулук" акциясында Бишкектин чоң көчөлөрүндө иштеген тазалык кызматкерлерге ысык чай, таттууларды таратышып, тазалоо иштерине жардам беришти. Бул иш-чара окуу жайдын Студенттик кеңеши тарабынан уюштурулуп, ага студенттик жатакананын мүдүрлүгү да жардам берген.


Студенттер бир канча топко бөлүнүп, борборубузга тазалык тартуулаган кызматкерлерге чай сунуп, таттууларды берүү менен биргеликте иштерине жардам берип кайтышты.
Биздин келечегибиз ушул студенттердей болгон кайрымдуу жаштардын колунда, алардан көптү күтөбүз деген тазалык мекемесинин кызматкери Бейшенбай Жумаев: " Биздин үмүтүбүз жаштарда, алардын бүгүн мынтип бизге көңүл буруп, жылуулук тартуулап жатканы сүйүндүрбөй койбойт. Бизге ашык эч нерсенин деле кереги жок, жөн гана жылуу сөздөрү жүрөк жылытат", - деп студенттерге ыраазычылыгын билдирип, окууларына ийгилик каалады.


Ал эми Студенттик кеңештин төрагасы Аскарбек Абдуакимов:" Биз колубуздан келишинче жардам берип келдик. Алардын көңүлү көтөрүлүп калганын көрүп, биздики андан да көтөрүлүп сүйүнүп калдык. Барган сайын жылуулук тартылоого катышкан студенттердин саны да көбөйүүдө. Буюрса алдыда дагы тазалык иштерине жардам бергенге даярбыз", - деп билдирди.
Эскерте кетсек, «Жылуулук» акциясы үчүнчү жолу уюштурулду. Мурун университеттин «Ак-ниет» жана «Ойлоншоу» клубдары гана катышса, бул жолкусунда бардык клубдардын мүчөлөрү катышышты.


Даярдаган:Аксаамай Назарбай кызы