Эл аралык студенттер координаторлугуна шайлоо башталды


Жаңы окуу жылынын 1-октябрынан тарта Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Эл аралык студенттер координаторлугуна өлкө өкүлдөрүнүн шайлоосу башталды

Алгачкы болуп өткөн шайлоодо Кыргызстан жана Түркия өлкөлөрүн өкүлдөрү тандалып алынды. Кыргызстандык студенттер тарабынан талапкерлигин койгон Семетей Сейтек уулу жана Кулбаева Бермет эң көп добуш топтосо, Түркиялык студенттердин арасынан Ахмет Чакыржа жана Энес Болат атаандаштарынан оозунуп чыкты.

Ал эми 8-октябрда кезектеги үч өлкөнүн өкүлдөрүнө шайлоо болуп өттү. Казакстандык студенттердин өкүлдөрү  бул жылы Фарман Юсупов менен Мөлдир Исаханова болду. Россия өкүлчүлүгүнө Шамурад Шамурадов жана Зарина Абдумаминовалар шайланып алынса, тажик элин Журабек Сафаров менен Абдулвохид Худойбердиев таанытмай болду. 

15-октябрда өткөрүлгөн шайлоодо Түркменистандан Бакы Гылыжов жана Бегенч Курбан, Афганистандан Али Шер Карими жана Абдуллах Өмер, Өзбекстандан болсо Назира Ордобаева жана Бойзок Саитбурхановдор шайланышты.

Калган Азербайжан, Монголия жана Кытай өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн шайлоо 

22- октябрь күндөрү өтөт.

Эл аралык студенттер координаторлугу университетибизде билим алып жаткан чет элдик студенттердин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде сапаттуу билим алып, алардын илимий, социалдык, спорттук жана  маданий  иш-чараларга активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүү, башка өлкөлөрдүн маданиятынын жакындашуусун арттыруу, чет өлкөлөрдө өз маданиятыбызды таанытуу, университетибизде билим алган чет элдик студенттер окууну аяктаган соӊ өз өлкөлөрүндө университет үчүн ыктыярдуу маданият элчиси болушуна багытталган иш-чараларды жүргүзөт.